Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев Кыргызстанды «пахандардын» импорту каптайт деп кабатыр болот

Жогорку Кеңештин депутаты УКТ тууралуу мыйзамды иштеп чыгууну суранат

Депутат Дастан Бекешев өкмөттөн уюшкан кылмыштуулук тууралуу мыйзамдолбоор иштеп чыгууну суранат. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин пденардык жыйынында айтты.

- Биз жаңы кодекстерди киргизип жатабыз, анда УКТ тууралуу бир ооз да сөз жок, - деп белгиледи ал. - Грузияда ушундай мыйзамды кабыл алганда бардык грузиндик «пахандар» Орусияга качып кетишкен. Орусия Федерациясында кимде ким өзүн «мыйзамдагы ууру», же болбосо «көзөмөлдөөчү» деп атаса, анда анын иш аракети кылмыштуу деп эсептеле турган мыйзамды карап жатышат. Орусия ошол мыйзамды кабыл алаары менен «пахандардын» импорту Кыргызстанды көздөй агылат.

Бекешев биздин өлкөдө өзүбүздун УКТ жетиштүү, ошондуктан тез арада чара көрүү керек экендигин кошумчалады.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх