Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаары үчүн таштанды ташуучу машина. Белорус техникасын алып келүүчү жергиликтүү компаниянын ыңгайлуу сунушу

Европалык атаандаш өтө кымбат баада 9 гана таштанды ташуучу алып келе алат

Түштүк борбордогу «Ош-тазалык» үчүн таштанды ташуучу алып келүүгө тендерге катыша тургандар белгилүү болду. Катышуучулардын тизмеси аныкталды жана алардын сунуштары да белгилүу болду. Мэрия кимди тандап алаар экен?

Эң пайдалуу сунуш ата мекендик компаниялардан түшту, алар белорустун атайын ылайыкташкан техникаларын ташуу менен алек болушат. Алар бир миллион еврого 21 ждаана атайын таштанды ташууга ылайыкташкан машина алып келе алышат.

Бишкектин «Тазалыгы» үчүн атайын техниканы жеңүүчү алып келип жаткандыгын редакцияга түшүндүрүп беришти. Ал өзун ишеничтүү өнөктөш болом деп сунуш кылды жана ага эч кандай кине жок. Бирок бизге белгилүү болгондой, андай эмес экен.
Белорус МАЗдарын Кыргызстандын ичине Евразиялык экономикалык алкакта болгондугу үчүн жеткирүү оңой. Кошумча тетиктерин да табууга жеңил.

Ал эми жергиликтүү компаниянын атаандашы европалык компания, ал 1,5 миллион еврого бар болгону 9 гана даана атайын техника алып келе алат. Бул бир жарым эсеге кымбат. Бул сунушту пайдалуу деп атоого болбойт. кымбат тураарын айтпаганда да, жеткирүү, бажы төлөмдөру кымбат болот. Оңдоо үчүн көп чыгым керек болот.

Ошондой эле «Тазалыктын» кызматкерлерин электроникага окутуу да каржы жана убакытты талап кылаарын унутпоо керек.

Ошол эле убакта 500 миң евро да кымбат туруп жатат. Ал акчага дагы бир канча атайын техника сатып алуугу болот эмеспи. Ош шаары 30 таштанды ташуучу техникага муктаж экендигин да жадыбыздан чыгарбашыбыз керек. Европалык компаниянын сунушуна макул боло турган болсок таштанды ташуучу машинанын жетишпестиги дагы эле чечилбей кла берчүдөй.

Редакция башка да катышуучулардын тажрыйбаларын изилдеп көрөт. Тендер өткөрүүдө эреже боюнча, эң арзан бааны сунуш кылган компанияга токтолушат. Оштун мэринин чечими кандай болоор экен?

Мурда Vesti.kg сайты түштүк борбор үчүн атайын техниканы Европалык өнүктүрүү банкынын грантына сатып алаарына көңүл бурган болчу.

Эске салсак, Ош шаарына атайын техника менен таштанды салуучу контейнер сатып алууга жалпы суммасы 10 миллион 950 миң евро акча каражаты каралган тендер жарыяланган. Аны аяк оонанын он экисинде Европа калыбына келтирүү ажана өнүктүрүү банкы жарыя кылган.

«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына 30 атайын техника жана 1 миң 136 таштанды салуучу идиш талап кылынат.

Шаарга ылайыктуу машинаны алып келүу 2018-жылды тогуздун айында болушгу керек эле, бирок мэр Таалайбек Сарыбашев менен ЕКӨБ кеңечиси экөөнүн Швейцарияга жасаган сапары чечим кабыл алууну аркага жылдырды.

Шаар башчыга «Рота Пресс» деген таштанды ташуучу машинанын сунуш кылышты, анын баасы да жарыяланган баага туура келбейт экен. Тендердин документтерин кайсы бир катышуучунун пайдасы үчүн кайра карап чыгышат деген да каңшаар кеп болгон.

Муниципалитеттегилер бул маалыматты төгүндөшүп, машиналардын мүнөздөмөсүнө жараша тандоо болот дешти.
Vesti.kg сайты тендердин жүрүшү тууралуу маалыматтардан артта калбай карап турат.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх