Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ата Мекендин» юристтери Алмазбек Атамбаевге 10 миллион сом төлөшпөйт

Сот экс-президенттин арызы боюнча биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды

Бишкек шаар соту «Ата Мекен» саясий партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азизди Алмазбек Атамбаевдитн арызы боюнча 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирген биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Канатбек Азиз айтып берди.

- Биз биринчи инстанциянын чечимин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылганбыз, - деп тушүндүрөт ал. - Биз Конституциялык палатанын 2018-жылы чыгарган чечимине таяндык, ал жерде башпрокурордун мамлекет башчынын атынан арыз берүүгө акысы жок экендиги жана ошондой эле моралдык чыгымдын өлчөмү жазылган.

Шаардык сот Абдуллаевдин 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирген чечимин жана Дача-Суу айылындагы катастрофа тууралуу маалымат жыйынында айтылган маалыматты жокко чыгарган чечим чыгарды.

Учурда экс-президенттин арызы кайра кароого жиберилди.

- Сот арызды калтырып, кайра кароого жиберди, - деп улантат Азиз. - Мыйзамдын көзуменен караганда сот озу мызамсыз чечим чыгарып жана өзү аны жокко чыгарды. Ал эми Атамбьаевдин өзүнүн позициясын карай турган болсок, менде анын сот калыс чечим чыгарсын деп айткан видеосу бар. Сот ошондой чечим чыгарды. Эми ал кайра арызданабы же жокпу мен билбейм.

Эске салсак, мурда юристтер Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз, Бишкектин аэропортунда кыйраган учактын Атамбаевдин үй бүлөсүнө таандык экендигин билдиришкен болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх