Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илим Карыпбеков: Алмазбек Шаршенович, мен сиздин колдооңузду дайыма сезчүмүн

КТРК башкы директору кызмат орун үчүн ат салышуудан баш тартып, мурунку жана азыркы президенттерге ыраазычылык билдирген кайрылуу жазды

Илим Карыпбеков КТРК башчылыгы үчүн ат салышуудан баш тартты.Бул тууралуу ал бүгүн байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө билдирди.

КТРК алдындагы коомдук кеңеш бүгүн башкы директорлукка талапкерлер менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Ошону менен бирге каналдын азыркы башчысы өзүнүн Facebook баракчасына коштошуу постун жазды, анда ал өзүнүн тилектештерине жана атаандаштарына ыраазычылык билдирди.

«Мен сага кош деп айта албайм КТРК, жөн гана жоолукканча дейм…

Мына, менин КТРК аткарган миссиям да аяктады. Меин мөөнөтүм бүтөөрүнө үч жумадан азыраак убакыт калды. Көп нерсени айтайын дедим эле, бирок КТРК менен өткөргөн күндөрүм айтып бүткүс дастан. Бул илдирүүм мага жардам бергендерге жана мени менен үзөңгүлөш жүргөндөргө арналат. Мени менен катарлаш тургандар менен биригип иштеп, акыркы жылдары көп жыйынтык чыгардык. Силер абдан соун, чоң жамаатсыңар. Менин тагдырым КТРК менен акыркы эле 4 жылда байланышып калган жок. Мен КТРК дубалдарын 2007-жылы эле көргөм, ал кезде ыраматылык Эшимканов Мелис Асаналиевич мени КТРК реформалоо боюнча Комиссияны жетектөөгө чакырган. Анан 2010-жылы шайлоо болду башкы директорлукка, андан соң Байкоочу кеңешке мүчө болдум. Кийинчерээк Байкоочу кеңештин төрагасы, андан кийин КТРК менеджменти болдум. КТРК иштеген мезгилим жеңилболду деп айта албайм. Көкөлөгөн учурларым болду, кайра сынган учурлар болду. Ийгилик, ишим оңунан чыкпай калган учурлар, эң жакын досумду жоготтум жана клиникалык өлүмдү баштан өткөрдүм. Бирок ошентсе да мен КТРКга ыраазычылык билдирем, менин өмүрүмдүн унутулгус учурлары ушунда өттү! Ар бириңерге! Баарыңарга! Баардыгы үчүн рахмат!», - деп жазат Карыпбеков.

Ошону менен бирге Илим Майрамбекович алдыда келе жаткан каналдын башчылыгын шайлоону жакшы деңгээлде өткөрүүнү каалайт.

«Шайлоо жакшы өтүп, татыктуу директорду тандап алгыла. Келе турган директор менден акылдуу, күчтүү жана бардык жагынан кесипкой болушун чын жүрөктөн каалайм. КТРК жакшы башкарууга муктаж болуп турат. Жаңы келе турган директорго ийгилик каалайм жана ага мөөнөтүнүн аягына чейин иштөөсүнө тилектешмин», - деп билдирди ал.

Илим Карыпбеков өзү менен бирге ийиндеш туруп иштегендерди жана өзүнүн атаандаштарын алкады.

«Мага сын айткандардын жана мага оппозиция болгондордун баарына ыраазычылык билдирем, анткени алар менин чамдап иштешиме өбөлгө түзүштү. КТРК - бул саясаттын чордону. Өлкөдөгү саясий процесстердин бардык катышуучуларынын чоң оюну. КТРК жетекчилиги болуп иштеген бир күнүмө да аттиң кылбайм», - деп жазат каналдын башчысы.

Ошону менен бирге ал Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевге алардын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
«Алмазбек Шаршенович, сиз менен иштеш абдан татаал деп айтаар элем, бирок дайыма сиздин колдооңузду сезип турчум. Мен сиздин Сооронбай Шарипович менен элдешүүнүздү каалайт элем. Келечекте силердин мамилеңер жакшырып кетет деп ишенем. Сиздин командаңыз ыкчам, чечкиндүү болчу, бирок консенсусту дайыма табышчу.
Мен оор абалда жатканымда жардам кылып берген дары дармегиңизге чоң рахмат. Сизге ыраазымын.
Сооронбай Шарипович, мен сизди биринчи жолу премьер-министр болгонуңузда жоолуктурдум. Болгону он мүнөттүк жоолугушуу болгон. мен КТРК жардам сурап, кирешенин салыгынын 50% боштууну айттым. Сиз ал маселени бир жумада чечип бердиңиз! Мага оор күндөрдө атадай кам көрүп, үй бүлөмө карашканыңызга ыраазычылык билдирем. Мени мөөнөтүнөн мурун кетиребиз деп сизге ар кандай өтүнүчтөр менен келгендердин кысымына туруштук бергениңизге рахмат. Менин КТРК иштеген убактымдын ичинен сиздин убагыңызда гана бийлик тараптан басым болгон жок, эркин иштедик. Мен сизге ийгилик каалайм, мурдагылардын катачылыгын кайталабашыңызды каалайм. Учурдан пайдаланып сизди КТРК келип кетүүгө чакырам. Шайлоодо биздин кызматкерлердин көбү сизди колдошкон. Алар үчүн сиздин айткан бир жылуу сөзүңүз эле жетиштүү болот. Мен сиздин маселени чечүүдөгү салмактуулугуңузга, акылдуулугуңузга жана калыстыгыңызга баа берем! Мага эң жакын адам катары сизге жекеөзүмдүн жана үй бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем!», - деп социалдык тармактын колдонуучулары менен өз оюн бөлүшөт Карыпбеков.
Белгилей кетели, КТРК башчылыгына шайлануу үчүн 22 киши документин тапшырды, алардын он тогузу менен байкоочу кеңештин мүчөлөрү сүйлөшүү жүргүзөт.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх