Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбековго Путин менен Медведевдин ысык саламын жеткиришти

Кыргызстандын президенти Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Константин Чуйченкону кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Константин Чуйченкону кабыл алды.

Орусия Федерациясынын Константин Чуйченко баштаган делегациясы Кыргызстанга кыргыз-орус Өкмөттөр аралык аралык комиссиясынын 21- жыйынына катышуу үчүн келди.

«Кыргыз-орус кызматташтыгы уюмдашууда жана стратегиялык өнөктөштүктө жаңы сапаттуу баскычка көтөрүлдү. Акыркы жылдары Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда мамилелердин деңгээли жогорку баскычка көтөрүлдү. Буга Владимир Путиндин жалган куранда жаса турган жумуш сапары күбө болот», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков келген делегаттар менен учурашып жатып.

Ал мындан аркы кызматташуулар жемиштүү болот деп так жана ишенимдүү айтты. Ушуга байланыштуу ал Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине чоң үмүт артып жана ийгилик калады.

Константин Чуйченко Орусиянын президенти Владимир Путиндин жана өкмөттүн төрагасы Дмитрий Медведевдин ысык саламдарын айтты.

«Биздин өлолөрдүн жана элдердин ортосунда бир эле уюмдаштык эмес, бир туугандык да мамилелер орун алган. Биз алдыда боло турган мамлекет башчынын иш сапары элдердин достугун жана туугандыгын чыңдоого өбөлгө боло турган документтерге кол коюшууга болгон аракетибизди жумшайбыз», - деп баса белгиледи Чуйченко.

Жоолугушууда алдыда Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган сапарында карала турган маселерге даярдык, эки тараптуу жана ар тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсү, анын ичинде ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы кызматташтыктар талкууга алынат

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх