Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кремль бир чечимге келди. Кыргызстанда алардын экинчи аскердик базасы болбойт

Анткени менен Владимир Путиндин биздин өлкөгө жасай турган сапарынын алдында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу келет

Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапин Кыргызстанга жалган курандын бешинде келет.

Чоң атка минер Канттагы ЖККУ базасынын өздүк курамы менен жана башчылары менен жоолугушат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги менен таанышат.

Талкуулай турган маселелери – аскердик-техникалык кызматташууну улантуу. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын түштүгүндө ЖККУ экинчи аскердик базасын ачуу маселеси каралбайт.

Лапиндин Кыргызстанга келиши Орусиянын президенти Владимир Путиндин жалган курандын жыйырмасында боло турган сапарын гана коштойт.

Ошондой эле орусиялык президенттин учуп келээр алдында Орусия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу учуп келет

Толкун Сагынова
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх