Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо чын курандын жыйырма үчүндө башталат

Биринчи май райондук соту  Кылмыш жана Жазык-процессуалдык  кодекстердин жаңы редакциясынын күчүнө киргендигине байланыштуу ишти кайра кароону дайындады

Биринчи май райондук сотунун Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра край турган отуруму чын курандын жыйырма үчүндө башталат.

Жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароо Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Жазык-процессулдык кодекстеринин жаңы редакциясы күчүнө киргенден баштап мүмкүн болду.

Ошондой эле, «Адилет» укуктук клиникасы билдиргендей, Башпрокуратура Текебаевди көчмө абакка которуу мөөнөтүн ЖАМК туура эмес эсептегендиги тууралуу арызды карап жаткандыгы билдирилет: жактоочулардын пикири боюнча, саясатчы 2019-жылдын жалган куранында №47 ТК таштап кетиши керек болчу.

Эске салшсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду орусиялык ишкер Леонид Маевскийден MegaCom уюлдук опрераторлугун башкарууга мүмкүндүк алып берем деп 1 миллион доллар алды деп айыпташкан жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен соттошкон. Экөөнү тең мүлктөрүн камакка алуу менен 8 жылдан эрктеринен ажыратышкан.

Сүрөт www

 

СwwwСт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх