Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин спикери катасы менен жазган каттын анык экендиги билинди

Парламенттегилер документти аппараттын кызматкери түзгөн деп жатышат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Жогорку Кеңекштин спикери Дастан Жумабековдун атынан жолдонгон орфографиялык каталары бар каттын анык экендиги билинди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Бирок катты спикер өзү жазган эмес, деп белгилешти андагылар.

- Документ парламенттин Аппаратынын тийешелүү бөлүмүнүн кызматкери тарабынан даярдалган, ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын колу факсимилдин жардамы менен коюлган, - деп түшүндүрөт маалымат кызматы. - Белгилей кетели, парламенттин спикерине бир күндө көптөгөн документтер кол коюу үчүн келет, алардын арасында каттары да арбын. Зарыл болгон документтерждин көптүгүнө байланыштуу Дастан Жумабеков жардамчыларына жана башка адистерге буга окшогон документтерге факсимилдин жардамы менен кол коюуну тапшырат.

Каттагы каталарга жол берген кызматкер тийешелүү жазасын алаарын кошумчалашты андагылар.

- Жогорку Кеңештин төрагасы жана парламенттин Аппаратынын тийешелүү бөлүмү бул болгон нерсени өтө кайгыруу менен кабыл алышты, - деп сөзун аяктады андагылар.

Эске салсак, мурда Тармактарда спикер Дастан Жумабеков жазды деген орфографиялык каталары бар кат жарыяланган болчу. Ал кат премьер-министрге жолдонгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх