Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары шайлоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөрдү талкуу кылышат

Кыргызстанда парламенттин экс-спикерлер кеңеши пайда болду

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин экс-спикерлеринин Консультативдик кеңеши пайда болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына парламенттин мурдагы төрагасы Ишенбай Кадырбеков билдирди.

- Биз кеңеште актуалдуу көйгөйлөрдү талкууга алабаз жана консенсуска келе алсак, анда биздин кеңешибизди парламентке жана президентке өткөрүп беришет, - деп түшүндүрдү ал. - Эгерде мурдагы төрагалар бир пикирге келе алышпаса, анда ар кимиси өз оюнда кала берет.

Ишенбай Дүйшөнбиевич бул кеңеш Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп тургшанда пайда болгондугун кошумчалады.

- Бирок ал убакта бизди эч ким укпайт болчу, анткени бир гана туура пикир бар болчу, - дейт ал. - Бирок кийин президент бардык спикерлерди топтогондон кийин иштин башталаары анык болуп калды. Менимче биздин биринчи талкуулай турган темабыз парламенттик шайлоонун алдында шайлоо мыйзамдарына түзөтүү киргизүү болот окшойт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх