Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев өкмөт үйүнө түкүрүү оюнан кайта элек

Эксперт сөзүмдө турам деп баса белгиледи

Белгилүү саясат талдоочу Бакыт Бакетаев өкмөт үйүнө түкүрөм деген сөзүнө турат. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде айтты.

Анын сөзү боюнча, түкүрүккө салынган 5500 сом айып пулду 1000 сомго түшүрүү катачылык болгон, анткени жарандар мурункудай эле түкүрүп жатат.

- Мен элдерди табам, анан баарыбыз барып өкмөт үйүнүн имаратына түкүрөбүз. Убада бергенден кийин аткарыш керек, - дейт Бакетаев. - Эми баары түкүрүп, таштанды таштай беришет. Айып пулдун арзандашы министрлер кабинети курулай сөзгө өттү дегенди билдирет. Демейде мындай өкмөт көпкө турбайт.

Эске салабыз, түкүргөн адамдарга айып салуу укугун укук коргоо органдарына берди. Саясат талдоочу милициянын айрым жаман кызматкерлери мындан коррупциялык акча жасашы мүмкүн экендигин белгиледи.

- Кааласа айып салат, кааласа чөнтөгүнө салат, - деп ой жүгүртөт ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх