Кыргызстандын Башпрокуратурасы кылмыштуу кирешени адалдоо менен кантип күрөшүп жатышкандарын айтып берди
Кыргызстан кылмышкерлерди берүү тууралуу Европа Конвенциясына кошулат
Башпрокуратура кылмыштуу жол менен табылган кирешени мыйзамдаштырууга (адалдоо) жана (уурдалган активдерди кайтаруу) каршы иш алып баруу Кыргыз Республикасынын прокуратура органынын бирден бир тапшырмасы экендигин белгилейт. Мындай нерселер 2010-жылы чын куран окуясынын натыйжасында күч алган. Бакиевдердин үй бүлө мүчөлөрүнө коррупция фактысы боюнча, , кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана мыйзамдаштыруу сыяктуу бир катар кылмыш иштери козголгон.
Ошого байланыштуу Башпрокуратура тийешелүү органдар менен биргеликте Кыргызстанга кылмыштуу активдерди кайтаруу үчүн камакка алып, комплекстүү иштерди аткарып жатат.
2003-жылы бештин айынын онунда БУУ коррупцияга каршы Конвенциясы кабыл алынып, 2005-жылы баш оонанын алтысында парламент тарабынан ратификацияланган. Анда коррупциянын алдын алчу чаралар аныкталган, эл аралык кызматташтыктын түрлөрү, ошондой эле кылмыштуу жол менен сыртка чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу чаралары жазылган. Кыргызстанда аны ишке ашыруучу жоопкерчиликтүү борбордук орган Башпрпокуратура болуп аныкталган.
Андан сырткары, 2018-жылы өкмөттүн токтому менен эл аралык кызматташтыктын эрежелери тууралуу абал бекитилген, ага ылайык Башпрокуратура, каржылык чалгындоо органы,Ю укук коргоо органы жана улуттук коопсуздук органы, ошондой эле Сот департаменти (соттук актыларды аткаруу бөлүмү боюнча же аткаруучу докумен боюнча) Кыргыз Республикасынын аймагынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу маселеси боюнча ыйгарым укуктуу органдар деп аныкталган.
Ошону менен бирге акча каражатынын мыйзамсыз келип чыгышын далилдөө узак жана татаал процесс экендигин белгилей кетишибиз керек. Ал жогорку кесипкөйлүктү жана тийешелүү органдардын бири бири менен тыгыз байланышып иштөөсүн ошону менен бирге чет мамлекеттердин органдыранан биргелешип иштөөсүн талап кылат.
Андан сырткары, учурда Кыргыз Республикасынын Башпрокуратурасы АКШ, Улуу Британия, Швейцария, Лихтенштейн жана Кытайдын тийешелүү органдары менен жигердүү кызматташууда. Ошондой эле бул багытта иш алып барчу ар кандай институттар менен кызматташууда.
Мисалы, StAR Демилгеси менен тыгыз иш алып барууда, ал активдерди кайтаруу боюнча биргелешкен механизм болуп саналат. Андан сырткары, БУУ жана Дүйнөлүк Банк, активдерди кайтаруу боюнча Базель башкаруу Институту, Азия-Тынч океан аймагындагы бейформал тармактар, Батыш жана Борбордук Азия (ARIN-AP и ARIN-WCA) менен кызматташып кылмыштуу жол менен чыгарылып кеткен активдерди кай тарып алуу аракети көрүлүүдө.
Ошондой эле уурдалган активдерди издөөгө ылайыкташкан юридикалык фирмалар да бул ишке тартылууда. Мисалы, Башпрокуратуранын америкалык “Akin Gump Straus Hauer & Feld LLP” юридикалык компаниясы менен кызматташтыгына жакшы деген баа берсек болот. Анткени алар Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди кайтарып келүүгө жардамын беришти.
Кыргызстан менен АКШ буга тийешелүү билдирүүлөргө Бишкекте 25.02.2019 кол коюшкан. Ал убакта Кыргызстанга жумуш сапары менен АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчсы Элис Уэллс айым келген.
Ошону менен бирге Бакиевдер кылмыштуу жол менен чыгарып кеткен активдерди издөөнү күчөтүү максатында Башпрокуратура Улуу Британия Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландиянын кылмыштуулук менен күрөшүү Улуттук борбору менен кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшууга ниеттенип жатат.
Андан сырткары, бул багытта Башпрокуратура кылмышкерлерди берүү жана кылмыш иштери боюнча эки тараптуу укуктук жардам көрсөтүү тууралуу Европалык Конвенцияга кошулуу боюнча Европа Кеңешинин Катчылыгы менен болгон сүйлошүүдөгү ийгиликтерди белгилей кетели.
Бул жаатта иш уланып жатат.
Башпрокуратуранын маалымат борбору
Сүрөт www