Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Жапан мамлекетиндеги элчиси болуп дайындалды
Тийешелүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Арстанбаев Мирлан Эсенович Кыргыз Республикасынын Жапан мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү билдирди.
Мирлан Арстанбаев 1973-жылы Ош шаарында туулган. Мурда ал ИИМ системасынын ар кандай кызматтарында иштеп келген. Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу да болгон.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз