Жеңиш Разаковдун кишилеринин айынан айылдыктар жана малдар токко урунуп өлүп жатабы? (Видео)
Жарандык активист аял Кызыл-Кыядагы бийликтин аракетсиздигине арызданат
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, вице-премьер-министра Жениша Разаковдун тарапташтары делген кишилер үйлөрдүн астынан мыйзамсыз көмүр казып жатышат. Айылдын тургундары жана малдар токко урунуп өлүп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жергиликтүү жигердүү жаран Роза Маманова билдирди.
- Мен президентке, премьер-министрге мени кабыл алууларын өтүнүп кат жаздым, бирок алардан мага баш тарткан жооп келди, - дейт ал. - Жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлбөйт, ал эми тийешелүү органдар болсо текшеришпейт. Бул жарандардын укугун тебелеген коррупциялык схеманын артында вице-премьер-министр Жениш Разаков тураарын белгилеп кетким келет.
Акжол аттуу бир киши мыйзамсыз көмүр казып жана ачык эле мени Жеңиш Разаков коргойт деп билдирет. Ал лицензиям бар дейт, бирок анысы мыйзамсыз. Ал лицензияны ага көмур казуу үчүн эмес, ошол аймакты изилдөө үчүн беришиптир.
Маманова жергиликтүү бийликтин аракетсиздигинен айыл тургундары каза болуп жаткандыгын белгиледи.
- Мен Ош РЭС начальнигине да аларга электр энергиясын бербөө тууралуу арыз да жаздым, бирок менин сөзумдү угуп да коюшкан жок, - деп улантат ал. - Устундарды орнотушкан жок, өткөргүчтөр ачык турат, кабелдер жерде жатат. Ал деген талаа, ным баары жок. Казган жерлеринен чоң жарака кеткен. Айылдын жашоочулары айыл таптакыр жок болуп кетиши мүмкүн деп кооптонушат. Бул өтө коркунучтуу кырдаал. Сел болгондо тосмо толуп кетет. Тигилер болсо ал тосмону бузуп салышкан. Жергиликтүүлөр болсо жумушсуздуктун айынан мал багып дыйканчылык кылышат. Бул өтө кооптуу. Ал жерде балдар бар, алар деген кабель эмне экендигин түшүнүшпөйт. Мал, жан токко урунуп өлүшү мүмкүн.
Ошону менен бирге активист аял ар кайсы интанцияларга барып арыздангандыгын жана аны угушпагандыгын баса белгиледи.
- Биз Мамэкотехинспекцияга, ОШ РЭС кайрылып, электр энергиясын берүүнү токтоткула деген талап койдук, - дейт ал. - Прокуратурадан электр энергиясын берүүнү токтотуу тууралуу жообу бар. Буга карабастан электр энергиясы берилип жатат. Ал жерде үйлөрдүн алдынан казып жатышат. Жеңиш Разаковдун адамдары каалаган жерин чукушат. Биз бийликке айылды жер жутуп кете электе эртерээк кайрылууну чечтик. Айылдыктьар бир тнече жылдан бери буту жеткен жерге арызданып журушөт, бирок мунун баары куру бекер убара.
Сүрөт www