УТРК башкы директору болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды
Эми НТС телеканалынын мурдагы башчысы болуп калган Жайнак Үсөн уулу шайлоодо 13 добуш алды
УТРК башкы директору болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына улуттук телерадиокорпорациянын байкоочу кеңешинин мүчөсү Игорь Шестаков сүйүнчүлөдү.
Анын айтымында, Үсөн уулу 13 добуш менен жеңишке жетишти.
- Галина Байтерек менен Болотбек Тиллебаевдер бирден гана добуш алышты, - деп маалымдады Шестаков. - КТРК башчылыгына шайлоо жашыруун добуш берүү менен болду. Жараян 45 мүнөткө созулду.
Эске салсак, мурда Жайнак Үсөн уулу НТС телеканалынын башчысы кызматында иштеген.
КТРК азыркы жетекчисинин ыйгарым укугунун мөөнөтү быйыл жалган курандын он тогузунда акырына чыгат.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www