Адиль Турдукулов: КТРК башчылыгына шайлоо алдын ала даярдалган көрүнүш
Укук коргоочу телеканалдын жаңы жетекчиси бийликтин кол жоолугу болбосо экен үмүт кылат
КТРК жаңы башкы директорун шайлоо жараяны анча туура эмес болуп калды. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына укук коргоочу Адиль Турдукулов билдирди.
- Эреже боюнча, бул кызматты ээлеш үчүн талапкерлер Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн добушунун ондон ашыгын алышы керек эле, -деп эскертет ал. - Анткени менен татыктуу талапкерлердин бар экендигин эске алганда деле алардын эч кимиси анча добуш ала алмак эмес. Бул нерсе шайлоонун алдын ала даярдалып калганынан кабар берет.
Турдукулов КТРК чыныгы реформасыз өнүгө албастыгын белгилеп кетти.
- Мен эми жаңы жетекчи Илим Карыпбеков кетирген каталарды кетирбейт деп ишенем, - деди ал. - Жайнак Үсөн уулу бийликтин буйругун аткарбаса экен деп тилейм, анткени жакында шайлоо болгон турат. Мен ага жаңы ишинде ийгиликтерди каалайм.
Эске салсак, КТРК башкы директору болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына байкоочу кеңештин мүчөсү Игорь Шестаков билдирди.
Анын сөзү боюнча, Үсөн уулу 13 добуш алып жеңишке жетишкен.
Вероника Малышева
Сүрөт www