Иса Өмүркулов: мыйзамсыз чечимин колко кыла беришпесин
КСДП фракциясынын лидери кийинки парламенттик шайлоого баруудан баш тартышы мүмкүн экендигин мойнуна алды
Мурда КСДП саясий партиясынан чыгарылган Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов 2020-жылкы парламенттик шайлоого катышпай коюшу да мүмкүн.
Vesti.kg сайтына Иса Шейшенкуловичтин өзү айтып бергендей, ал акыркы чечимди шайлоого чукул кабыл алат.
- Азыр акыркы чечимди кабыл ала элекмин. Дагы карап көрөбүз. Шайлоого жакын белгилүү болот, - дейт эл өкүлү.
Эске салсак, 2018-жылы тогуздун айында КСДП саясий кеңеши Иса Өмүркуловдун партияга мүчөлүгүн токтотуу боюнча чечим чыгарган. Ал редакциянын кайсы партиянын тизмеси менен шайлоого аттанасыз деген суроосуна азырынча билбейм деп жооп кайтарды.
Алар (КСДП) мыйзамсыз чечимин колко кыла беришпесин, - деп баса белгиледи Өмүркулов.
- Эгерде мен шайлоого бара тураган болсом, анда өзүмдүн гана шайлоочуларыма таянам, алар мени беш чакырылыштан бери колдоп келишет. Мен аларга ыраазымын, мен аларды кызыктырган маселелерди абийирдүүлүк менен дайыма аткарам. Шайлоого жакын баары белгилүү болот.
КСДП саясий кеңеши депутаттарга Өмүркуловду фракция лидерлигинен чакыртып алуу тууралуу сунуш жасады, бирок ал мурдагыдай эле ишин аткарып келет.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www