Жогорку Кеңештин спикеринин кеңешчиси сабатсыз жазылган кат үчүн кызматтан бошотулду
Алмазбек Сабырбеков премьер-министрге жазылган катта өтө одоно орфографиялык каталарды кетирген
Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Ибрагим Нуракун уулу фейсбук социалдык тармагында бөлүштү.
«Дастан Жумабековдун кеңешчиси Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич кызматынан бошоду. Жогорку Кеңештин аппаратында алдын ала текшерүү болду, ал социалдык тармактарда таркатылган №6-993\19 номерлүү катка байланыштуу болду. Төраганын кеңешчиси А. Сабырбеков кагаз иштерине жооптуу болчу», - деп жазат ал.
Ошону менен бирге маалымат катчы катка байланыштуу болгон текшерүү дагы улана тургандугун белгиледи.
Эске салсак, мурда Тармакта Дастан Жумабеков жазган орфографиялык каталары бар кат жарыя болгон. Ал кат прмьер-министрдин дарегине жолдонгон. Документ түп нуска болуп чыкты.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www