Карамат Орозова Жогорку Кеңештин трибунасынан депутаттарга Кыргызстандын аялдарынын бардык таарынычын айтты
Эл өкүлүн өкмөттүн аялдарды саясий жактан сабатсыз деп эсептегени капа кылды
Кыргызстанда аялдар республиканын өнүгүшүндө өзгөчө орунду ээлешет, бирок аларга иштегенге мүмкүндүк беришпейт. Бул тууралуу депутат Карамат Орозова парламенттин жыйынында билдирди.
- Бүгүн майрам, ошондуктан бизге сындап, мактап жана суранганга мүмкүн, - деп баштады ал сөзүн. - Мен ушул бийик трибунадан туруп Кыргызстандын бардык аялдарынын таарынычтарын айткым келет. Бүгүнкү күндө биздин өлкөнүн калкынын 60 пайызын аялдар түзот. Өлкодө алардын ролу чоң. Аялдардын өзгөчөлүгү - бул кыйын кырдаалдан чыгып кете турган таң калаарлык жөндөмдүүлүгүндө. Ошондуктан кыргыздар «Кыздын кырк чачы улуу» деп сыйлашкан. Ошондой эле алар экономиканын өсүшүнө чоң салым кошушат. Базарга чыккыла - ал жерде 90 пайыз аялдар отурушат. Аялдар үй бүлөгө кам көрүүдөн башка салык да төлөп казынаны толтурушат.
Эл өкүлү Кыргызстандын аялдарынын руху күчтүү экендигин баса белгиледи.
- Үй бүлөнү оор акыбалдан чыгарып кетүү үчүн банктан кредит алышат, - дейт Орозова. - Жигиттерди тарбиялайт, силер иштеп аткан кызматтарга даярдап алып келет силерди. Уруматтуу эркектер, мен бул сөздөрдү жөндөн жөн эле айтып жаткан жерим жок. Биздин өлкө аялдардын колдоосуна муктаж болуп турат. Азыр болсо тышкы карыз көбөйүп, мамлекетте кризис деп жатышат. Мен республика айымдардын жардамына муктаж болуп турат деп эсептейм. Бүгүнкү күндө аткаруучу бийликте жана жетекчилик кызматтарда аялдар жок, ушул себептен биз ушундай кырдаалга тушуктук.
Эл өкүлү Кыргызстанда аял менен эркектин укугу бирдей экендигин эске сала кетти.
- Кыргызстанда 7 облус болсо, анын бирин да аял башкарбайт, - деп түшүндүрдү ал. - Ошондой эле көрүнүш өлкөнүн 40 районунда, 35 шаарында жана 453 айыл өкмөтүндө. Биз силердин кызматыңарды тартып албайбыз. Конституцияда аял менен эркек бирдей укукка ээ деп жазылган. Анткени менен аялдарга саясий кызматтарда иштөөгө мүмкүнчүлүк беришпейт.
Карамат Орозова өкмөт аялдарды саясий жактан сабатсыз деп эсептээрин айтты.
- Былтыр биз КСДП парламенттик фракциясынын жыйынында өкмөттүн докладын уктук, - деп эскерет ал. - Анда аялдардын эмнеге аткаруу бийлигинде жок экендигине түшүндүрмө берип жатып бизди капа кылды. Алар аялдардын саясий жактан сабатсыз экендигине байланыштуу жумушка албайбыз деп айтышты. Ошол эле убакта мамлекеттик кадр кызматы конкурстан өткөндөрдүн 80 пайызы аялдар экендигин билдирет. Депутат Жогорку Кеңеште аялдар болгону 15 пайыз жана жергиликтүү кеңештерде 10 пайыз экендигин билдирди.
- Депутаттардын 30 пайызы аялдар болушу керек, деп айтышат. Биз Конституцияда айтылган тең укуктуулукта жашагыбыз келет. Ошондуктан биз депуттардын 50 пайызы аялдар болушун талап кылабыз.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www