Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оппозициядык кыймылдын лидери Бекболот Талгарбеков Атамбаевди сотко берет

Арыз жалган маалыматты таркаткандыгы үчүн жазылды

Боштондукка чыккан оппозиционер Бекболот Талгарбеков Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди сотко берүүгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын уулу Арстан Талгарбеков билдирди.

Эске салсак, «Элдик парламенттин» лидери быйыл жалган курандын жетисинде шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун эркиндик алды.

-Атам өзүн жакшы сезип турат, анын ден соолугунун калыбына келиши менен алектенип жатабыз, - деп белгиледи Арстан Талгарбеков. –Атамбаевди сотко бере тургандыгын Талгарбеков «Апрель» телеканалына берген интервьюсунда билдирген. Атасын ФСБ генералдарынын жардамы менен төңкөрүш кылууну көздөгөн деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Арыз жалган маалыматты таркаткандыгы үчүн берилет. Эгерде анын конкреттүү маалыматтары болсо, ал аны сотто тастыктасын.

Ошондой эле ал Талгарбековдун ФСБ менен кандай маселе боюнча кызматташа тургандыгын айткан.

- Биринчиден, ал генералдар отставкада, биздин мекендештерибиз, мисалы, Бактияр Алиев, - дейт маектешибиз. – Алар менен кызматташуу белгилүү гана бир багытта болчу – 2010-жылда болгон июнь окуясын иликтешибиз керек эле.

Эске салсак, оппозициялык кыймылдын башчысы Кыргыз Республикасынын «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» (кийинчерээк күнөөлүү эмес деп табышты), ошондой эле «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренелери менен айыпталып 14 жылга эркинен ажыратылган.


Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх