Айнура Султанбаева маданият министринин орун басары кызматынан бошотулуп, башка кызматка кетти
Анын ордуна Нуржигит Кадырбеков дайындалды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айнура Султанбаеваны маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарлык кызматынан башка кызматка которулгандыгына байланыштуу бошотту.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы ал кызматка Нуржигит Кадырбековду дайындаган жарлыкка кол койду.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз