Адилет министринин орун басарынын катын ката жазып даярдаган киши ооруп өргүүдө
Мекемедегилердин билдиргенине караганда ал кызматкерди азырынча жазага тарта алышпайт
Адилет Министрлигинин кызматкери министрдин орун басарынын катын көптөгөн орфографиялык каталар менен жазган, учурда ал ооруп, өргүү алган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин маалымат кызматы билдирди.
- Бул катты даярдаган кыз азыр ооруп, өргүүдө, - дешти андагылар. - Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык биз ага эч кандай чара колдоно албайбыз азырынча. Өргүүдөн келген соң биз ага тартип иретинде чара көрөбүз. Бул тууралуу биз сиздерге кийинчерээк дагы билдиребиз.
Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты менен болгон маегинде адилет министринин орун басары Максатбек Эсеналиев шашып жатып катасы толтура катка кол коюп салгандыгын айткан эле. Ал өз күнөөсүн мойнуна алып жана документти даректелген кишиге кайрадан оңдоп жөнөтөбүз деген.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www