­
Депутаттар президенттин кол тийбестигин алып салбай эле деңгээлин төмөндөтүп коюуну эп көрүштү - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар президенттин кол тийбестигин алып салбай эле деңгээлин төмөндөтүп коюуну эп көрүштү

Бул даңазалуу мыйзам долбоорду үчүнчү окууда кабыл алышты

Конституциялык мыйзам, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет бүгүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигине кепилдик тууралуу» мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырды.

Бул мыйзам долбоор аркылуу «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигине кепилдик тууралуу» Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат: президенттин кол тийбестигин деңгээли төмөндөгөндүгүн эсепке алып 3 берененин жаңы редакциясы каралат, ал Конституциянын нормасына үндөшөт. Бул берене менен Кыргыз Республикасынын президенти кызматтан кеткен соң аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүн болот. Мыйзамдын 6 беренеси президенттин үй бүлөсүн аныктоочу норма менен толукталат. 13 беренедеги соттун айыптоочу өкүмү чыккандан кийин күчүнө кире турган норма сунушталат, ага ылайык, президенттин бул беренеде каралган бардык кепилдиктери токтотулат.

Эске салсак, экинчи окууда бул мыйзам долбоорго депутаттардын сунуштары келип түшкөн. Тактап айтканда Акылбек Жапаров экс-президентке саясий, мамлекеттик бийликтин атайын мамлекеттик органдарында, ошондой эле саясий партиялардын ишине катышууга , ошондой эле саясий партиялардын жетекчилик органдарында иштөөгө тыюу салууну сунуштаган.

Ошондой эле ал экс-президенттин ай сайын алчу пенсиясын президенттин айлыгынын 75 пайызына теңөөнү сунуштаган.

Депутаттар 13 берененин 2 бөлүгүн мындай деп жазууну сунуш кылышты: Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана анын аялы (күйөөсү), жашы жете элек балдары болсо, алардын акысыз медициналык кызматка акысы бар.

Мыйзамдын 18 беренесин ошол бойдон калтыруу сунушталат. Ошону менен бирге эле «Кол тийгис жана мыйзам менен корголот» деген сөздүн ордуна «Ушул мыйзамдын 4 беренесинде белгиленген тартипте корголот» деп жазылат.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев бул мыйзам долбоорго каршы экендигин билдирди.

КР ЖК маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх