Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун мурдагы башчысы Болсунбек Казаковду №1 тергөө абагынан бошотушту

Биринчи май райондук соту бөгөт коюу чарасын өзгөрттү

Бишкектин Биринчи май райондук соту мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаковду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Казаковдун ишин кароо учурунда жактоочу Максатбек Молдалиев бөгөт коюу чарасынын өңүтүн бир аз жумшагыраак түргө өткөрүү өтүнүчүн келтирген болчу. Юристтин сөзү боюнча, ал коргогон адамдын ден соолугу начарлап кеткен.

Эске салсак, мурда ИИМ Тергөө кызматы мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун төрагасы Болсунбек Казаковду кылмышка шектүү катары КР ЖК 304 беренеси ( Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307 беренеси (Приватташтыруу учурунда, салыктык, бажылык же лицензиялык-укуктук ишмердүүлүктө кызмат абаланан мыйзамсыз пайдалануу) боюнча айыптап жана кармап №1 тергөө абагына киргизген болчу.

Эльдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх