Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП съездине катыша турган делегаттар тууралуу маалыматты УКМК кызматкеринин эмне үчүн топтогондугун түшүндүрүшөт (сүрөт)

Чекисттер болгону бир ай мурун дайындалган алардын кесиптеши жөн гана кырдаал менен таанышып жатат деп ынандырышат

УКМК аймактык Башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн начальниги К. Таабалдиев жергиликтүү паспорт столунан Ысык-Кол облустук КСДП партиялык конференциясына келе турган 18 делегат тууралуу маалымат берүүнү сураган.

УКМК кызматкеринин каты социалдык тармакта шардана болду, аны Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жайылткан.

Документте Бейшеева Кыргыз Республикасынын «Улуттук коопсуздук органы тууралуу» Мыйзамдын 7 беренесине ылайык чекисттерге кыска мөөнөттүн ичинде Ф-1 көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү, деп жазылган.

КСДП өкүлдөрү бул факт боюнча УКМК жетекчилигине түшүндүрмө берүүсүн өтүнүп кайрылган.

Ал ортодо улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитети КСДП партиясынын кайрылуусу боюнча кызматтык иликтөө башталды деп билдирди.

- Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын УКМК Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмүнүн начальниги К. Таабалдиев бир ай мурун дайындалган, ал кырдаал менен жеринен таанышуу максатында, коомчулук менен иштешүү үчүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук паспорт столуна бир катар суроолорду жолдогон, - деп билдирди мекеме.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх