Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев «гей-парадды» талкууга алуудан баш тартууну сунуш кылды

Эл өкүлү ЛГБТ тууралуу Жогорку Кеңеште сөз кылышыбыз бейөкмөт уюмдардын чырагына май тамызып, жаңы гранттарды алышат. Айрымдарынын саясий башпаанек алышына өбөлгө болот деди

ЛГБТ өкүлдөрүнүн Бишкектеги маршы тууралуу парламентте сөз кылуу бейөкмөт уюмдардын чырагына май тамызып, жаңы гранттарды алышат деп билдирди Дастан Бекешев.

Жалган курандын сегизинде жарандардын укугу үчүн болгон тынчтык маршы өзгөчө кырдаал болуп эсептелбейт деп белгиледи ал.

- Чынын айтсам бул нерсени талкуулоонун өзү шермендечилик, - деп баса белгиледи ал. - Бул деген өзгөчө кырдаал. Гейлер акциянын катышуучуларынын артынан басса басып койгондур, мында ИИМ менен мэрдин күнөөсү жок. Азыр биз муну Жогорку Кеңеште талкуу кылсак, жаштар Европага качып барышып, бийлик бизге кысым кылып жатат деп саясий башпаанек сурашат. Биздин талкуу кылган стенограмманы көрсөтүшөт. Андын сырткары, айрым бир адамдар ушунун арты менен жаңы гранттарды алышы мүмкүн. ЛГБТ талкууга алуу - бул Жогорку Кеңештин деңгээли эмес. Биз бул марш тууралуу кеп кылбаганда баары үч кундо унутуп калышмак.

Дастан Далабаевичтин сунушун баары эле колдой беришкен жок.

Тазабек Икрамов Бишкектин мэриясынын ЛГБТ маршы тууралуу маалыматы болбогондугуна ачууланды.

- Маршты уюштуруучулар чет элдиктер экен. Буга эмне үчүн эч ким көңүл бурбайт? - деди ал.

Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбев митингдин уюштуруучуларынын билдирүүсүндө бул марш Эл аралык аялдар күнүнө карата болот жана кеп аялдардын тең укуктуулугу тууралуу болот дешкендигин билдирди.

Депутат Зиядин Жамалдинов өз кезегиндебул марштын катышуучулары өлкөнү шерменде кылышты деп белгиледи.

- Укук коргоо органдары жеткиликтүү иш алып бара алышкан эмес, уюштуруучуларды жоопко тарта алышкан жок, - деди ал. - Качан эле биздин өлкөгө башка мамлекеттен келип митинг кылышчу эле? Ал жерде биздин сатка каршы чакырыктар болду го? Ким көргөн эркектин төрөгөнүн?

Ал ортодо мэриянын өкүлдөрү кызыл тазыл ЛГБТ байрагы менен жөн эле фотосессия өткөрүшкөндүгүн белгиледи.

- Марштын учурунда ал байракты көтөрүп жүрүшкөн жок, - деп тактады чиновник. - Алар жөн эле Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында туруп сүрөткө түшүп, анан өздөрүн жары кылышкан.

Депутат Жылдыз Мусабекова болсо, митинг тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды.

- Мен сиздерге түшүнбөй турам, гейлерди талкууга алуу уят, бирок алар өлкөнү шерменде кыла берсинби, - деп айтты ал. - Парламентте келечекте президент, министр болууну эңсеген жигиттер отурушат. Эгерде Батыштын таасири астында улут жоголуп кетсе кимге президент болосуңар? Митингге чыккандар мэрияга толук маалымат беришсин, кандай плакат, чакырыктар болгондугун айтышсын. Алдын ала митингге кимдер чыгаарын айтышсын. Кокус эртең тынчтык маршына экстремисттер чыкса кантебиз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх