Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кырк чоро» гейлер менен акыр аягына чейин күрөшө турган болду. Алар бийликке үч талап коюшту

Активисттер Кыргызстанда ЛГБТ үгүттөгөн бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну сунуш кылышты

«Кырк чоро» коомдук кыймылынын лидери Замир Көчөрбаев Бүгүн Бишкекте болгон митингде чогулгандарга : «Эгерде гейлерди биз токтотпосок, анда ким токтотот», - деди.

- Биз мунун үстүндө ар бир күн сайын иш алып барабыз, кимде ким биздин каада салтка туура келбеген нерсе жасап, биздин ата бабадан калган мурастарыбызга түкүрсө, биз аларга каршы иш алып барабы! - дейт ал.

Андан ары Көчөрбаев бийликке коё турган талаптарын окуду:

Жалган курандын сегизинде гей-парадга уруксат бергендерди жоопко тартуу.

2) Аялдар укугунун маршына жамынып, чагымчыл чакырык таштагандарды жазага тартуу.

3) Жогорку Кеңешти гейлерди колдогон бейөкмөт уюмдарга тыюу салуучу мыйзам кабыл алдыруу.

«Кырк чоронун» лидеринин сөзү боюнча, алар жогоруда айтылган талаптары аткарылмайынча нааразычылык акциясына чыга беришет.

- Эгерде гейлердин маселесин бүгүн чечишпесе, анда алар мындан да күч алышат, - деп улантты ал өз сөзүндө. - Биз бул маселеге чекит коюшубуз керек, болбосо эл өзүнүн билгениндей кылат.

Нааразычылык акциясы 30 кишиден турду. «Кырк чорого» негизинен славян улутундагы балдардан турган «Антитеррор» тобунун кошулганы кызык болду. Алар да гейлер менен лесбиянкаларды каргап жатышты. Митинг Ак Үйдү көздөй жөнөө менен аяктады.

Толкун Сагынова
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх