Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эдил Байсаловду, Равшан Жээнбековду жана Рита Карасартованы Кыргызстандын жарандыгынан ажыратуу сунуш кылышты

Мындай талап менен жарандык активист Аманбол Бабакулов президентке кайрылганы жатат

Жарандык активист Аманбол Бабакулов Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген иштерди кылган белгилүү үч саясатчынын жарандыгын алып салууну талап кылат. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте митингде билдирди.

Анын ою боюнча, Жээнбеков, Байсалов жана Карасартова Кыргызстандын жараны болууга татыксыз, анткени алар жалган курандын сегизиндеги жүрүштө чагымчыл чакырыктарды таштаган. Алардын чакырыктары улуттун каада-салтына жана баалуулуктарына каршы келет.

«Аларга Батыш олчойгон акча берген бул үчүн. Алардын артында саясий күчтөр турат», - деди Бабакулов.

Аталган ишмерлердин жарандыктарын алуу талабын активист президент Сооронбай Жээнбековго жолдоого ниеттенип жатат. Аманбол Бабакулов жарандык активисттердин 1-майда боло турган маршына да тыюу салуу керек дейт, анткени гейлер марттагы жүрүштү кайталашат экен.
«Биз экинчи жолу дагы шерменде болууга жол бербешибиз керек», - деп билдирди ал.

Толкун Сагынова
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх