Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков камактан чыкты

Аны көчүрмө абакка чыгарышты

Соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков бүгүн көчүрмө абакка которулду. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ЖАМК маалымат кызматы билдирди.

- Карганбек Самаков №47 түзөтүү абагынан бүгүн көчүрмө абакка которулду, - деп билдиришти андагылар. - Дагы бир жарым жыл ушул режимде жазасын өтөйт.

Белгилүү болгондой, тийешелүү чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды.

Эске салсак, Карганбек Самаков 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялады деп айыпталган. Ал жерлер Аламүдүн районунун Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүнө тийешелүү болгон.

Мурдагы депутат мүлкү тартылып алынып, он жылга эркинен ажыратылган болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх