Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев бийликти аракетсиздикке айыптап, Баткенге өзү келди (видео)

Саясатчы жергиликтүүлөргө барып жоолугуп, провакацияга алдырбоону өтүндү

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барып, кайрадан коомчулуктун назарына илинди. Чегарага жакын аймактагы Аксай айылында кыргыз жарандары менен тажикстандыктар кагылышкан жерге саясатчы барып тушүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Ташиевдин жергиликтүүлөр менен болгон жоолугушуусунун видеосу фейсбук социалдык тармагында таркады.


Жоолугушуунун журүшүндө оппозиционер Аксай айылынын эркектерин кызуу кандуулукка алдырбай токтоо болууга чакырды.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев фейсбуктагы өзүнүн баракчасында Баткенге бараарын, азыркы өкмөт кырдаалды жөнгө сала албай жаткандыгын билдирген эле.
«Мен Баткенге барам. Бийлик мурункудай эле эч нерсени чече албайт жана эч нерсени кылбайт. Эл менен жер биздики, биз аны урпактарга калтырышыбыз керек», - деп жазат ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх