Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«АКШ Кыргызстан менен Путиндин келишине чейин келишим түзүп калууга ашыгып жатат»

Саясат талдоочулар биздин өлкө Америка менен алаканы жакшыртуу зарыл деп эсептешет

Кыргызстан үчүн АКШ менен алаканы жөнгө салуу зарыл. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Марс Сариев билдирди.

Менимче, америкалыктар менен кызматташтыкка жакын арада кол коюшат, - деп белгиледи ал. - Азыр Кыргызстан үчүн геосаясий кармаш болуп жатат. Жакында биздин өлкөгө Владимир Путин келет, жайында болсо Кытай катыша турган ШКУ саммити өтөт. Ошондуктан АКШ ошол окуяларга чейин келишим түзүп калууга ашыгып жатат. Анткени Орусия менен Кытайдын лидерлери бул келишимди анчейин жактырбай коюшу мүмкүн.

Марс Осмонкулович азыр Кыргызстанда кырдаал курч экендигин белгиледи, коом бир канча багыттарга бөлүнүп кеткен.

- Адегенде ЛГБТ маршы коомду жарандык жана салттуу кылып бөлүп салды, анан кыргыз-тажик чегинде жаңжал чыкты, анын арты улуттар аралык жаңжалга алып келиши мүмкүн, - дейт ал. Чамасы, буга үчүнчү күчтөрдүн таасири тийген жок, анткени менен коомдогу мындай акыбалдан ким да болсо пайдаланып кеткени турат.
Албетте, мени конспирологияга айыпташы мүмкүн, бирок процесстерди кайра карап чыгуу керек. Ошондо баары түшүнүктүү болот. Кыргызстан Орто Азиянын талылуу жери. Өзбекстан менен Казакстанды бир нерсе кылуу кыйын.

Өз кезегинде саясат талдоочу Денис Бердаков АКШ менен Кыргызстандын кызматташтык келишимин түзүүсүнүн артында кандайдыр бир саясий күчтөр деле жоктой деп ишенет.
- Келишим түзүлөөрүн түзүлөт, анткени бул анткени бул базалык келишим, анын негизинде бардык кызматташтык курулат, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтын менен болгон маегинде. - Бул келишим күчүн жоготкондо USAID программасынын бүтүндөй бир катары жок болгон эле, анын айынан Кыргызстан жабыркаган. Анткени менен биздин өлкөдө бул документти өтө эле саясатташтырып жатышат, мындай келишим дүйнө жүзүндө кадимки эле практика.

Түшүндүрө кетели, мурда Кыргыз Республикасынын АКШ элчиси Болот Отунбаев ЖМК Кыргызстанга Кошмо Штаттардын расмий делегациясы келет деп билдирген. Анын сөзү боюнча, америкалык элчилер Кыргыз бийлиги менен абалды жеңилдетүү боюнча кызматташтык келишимин түзүшөт.

Эске сала кетели, мындай келишим 1993-жылы түзүлгөн, бирок Кыргызстан өмүр бою жазага тартылган Азимжан Аскаровго Мамлекеттик департамент сыйлык бергендигине нааразы иретинде бул келишимди бир тараптуу токтоткон болчу.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх