Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ кызматкерлери «Форум» имаратына ким келе тургандыгын телефон аркылуу аныктагысы келген. Сүйлөшүүнү жаздырып алышкан (аудио)

Ички иштер Министрлигинде милиционер менен КСДП мүчөсүнүн сүйлөшүү фактысы тууралуу кызматтык иликтөө башталды

Милиционер КСДП мүчөсүнөн жалган курандын он жетисинде «Медиа-Форум» имаратына Аксы окуясына карата эскерүүгө келе тургандардын тизмесин сураган.

Тармакта милиционер менен КСДП партиясынын Бишкектин Биринчи май райондук координаторунун ортосундагы сүйлөшүү таркап кеткен.

Сүйлөшүүнүн журүшүндө ички иштер органынын кызматкери жетекчиликтен тийешелүү тапшырманы алгандыгын жана ага иш чарага катыша тургандардын тизмеси керек экендигин билдирген.

Майрам аттуу координаторду бийлик өкүлүнүн өтүнүчү ачууландырды.

«Сен 10-бөлүмдөнсүң да? Силердин кызматыңар бир гана КСДП менен иштеп калганбы? Силердин бизден башка жумушуңар жокпу?», - деди ал маектешине.

Ошону менен бирге ал аял жалган курандын он жетисиндеги митингге элдин баары эле бара берсе боло тургандыгын айтты.

Vesti.kg сайты ички иштер Министрлигине кайрылганда ал аудиожазуунун чын экендигин айтышты, бирок милиционердин эмне максатты көздөгөндүгү азырынча белгисиз.

- Биринчи май РИИБ кызматкери чалгандыгы белгилүү болду, - деп маалымдады ИИМ маалымат кызматы. - Бул факт боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Эске салсак, кечээ «Медиа-Форум» имаратынын жанында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу астында митинг болуп өттү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх