Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азимбек Бекназаров эмне үчүн «Форумдагы» митинг-батага барбагандыгын түшүндүрдү

Ошону менен бирге экс-башпрокурор Алмазбек Атамбаевди жыл сайын Аксы окуясында курман болгондорго арнап иш чара өткөргөндүгү үчүн алкады

Кыргыз Республикасынын мурдагы башпрокурору Азимбек Бекназаров экс-президент Алмазбек Атамбаевди Аксы окуясында курман болгондорго жыл сайын өткөрүүчү иш чарасы үчүн ыраазычылык билдирди.

Vesti.kg сайты маегинде саясатчы кечээ «Медиа-Форумда» болгон митинг-батага чакырылгандыгын белгиледи.

- Анын сүйлөгөнүн мен көргөн жокмун, саясатты айтты дешти мага, - дейт Азимбек Анаркулович. - Бирок ал анын өз иши. - Мен укпагандан кийин комментарий бербейм ага. Бирок мен анын 2002-жылы Аксыда курман болгон балдарга арнап жылда иш чара уюштурганына ыразычылыгымды билдирем.
Президент болуп турганда ал Боспиек айылына үч жолу барды. Мени кечээ «Форумга» чакырышыптыр, бирок мен митинг-батага Аксыга барганым туура деп чечтим.

Кечээ Аксы районунда митинг-бата болду, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Бекназаров курман болгондордун арбагына багышталып ал аймакка спорткомплекси ачылгандыгын айтты.

- Биз жалган курандын он жетисинде спорт комплекстин ачылышында болдук, ал музейдин жанына ачылды, - деп түшүндүрдү ал. - Мен Боспиекке да бардым, ал жерде кан төгүлгөн болчу. Куран окудум.

2002-жылы жалган курандын он жетисинде Жалалабат облусунун Аксы районуна караштуу Боспиек айылында элдер Кытайга берилген кыргыз жери үчүн нааразы болуп чыгышкан.

Андан сырткары, толкундоого ошол кездеги парламенттин депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы да себеп болгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх