Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимов: «Атамбаев өзүң менен сүйлөшкөндө башкача сүйлөшөт, бирок элге башкача сүйлөйт»

Сооронбай Жээнбековду бийликке ал эмес, эл алып келгендигин экс-президенттин эсине салышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү болуп өткөн президенттик шайлоодогу анын ролунан кабар берет. КСДП лидери азыркы бийликке жана президент Сооронбай Жээнбековго өзүн атаандаш катары сезет.

Мындай деген пикирди Аксы окуясында курман болгондорго арналган батада мурдагы мамлекет башчынын сүйлөгөн сөзү жаратты дейт Vesti.kg сайтына саясат талдоочу Марс Сариев.

- Ал Жээнбековду бийликке алып келип бекер кылыпмын деп, абийирин кетиргени жатат, - деп түшүндүрдү ал. - Бирок аны колдоодо жана ага каршы чыкканда кандайдыр бир чектен ашпашы керек болчу.

Сариев бул эки достун чыр чатагына башка да саясий оюнчулар кошулса, анда Кыргызстандын коомчулугу экиге бөлүнөт деп божомолдойт. - Бирок биздин саясатчылардын деңгээли ушундай, - деп белгилейт ал.

Түзүлгөн кырдаал саясат талдоочунун оюнча, Райымбек Матраимовду жана Асылбек Жээнбековду талдоону кайталайт. Эксперт герде оозун жаппаса Атамбаев президентти үй бүлөлүк башкарууда күнөөлөй берет дейт.

- Бул бүтүндөй Кыргызстан утулуп жаткан шахмат оюнундай, - деп моюндайт Сариев.


Дагы бир саясат талдоочу Максат Мамытканов, мындай куру кыйкырыктар экс-президентке абийир алып келбейт деп эсептейт. Анын бийлик бутагында таянычы жок болгондугун эске албаганда да, бул нерсе саясий көз караш менен караганда өтө таң калыштуу:

- КСДП партиясы - бийликтин партиясы, - деп эскуертет эксперт Vesti.kg сайтына. - Ал эми анын лидери өзүн оппозиция деп жарыялап жатат. Муну кандай деп түшүнсөк болот? Муну менен партиялаштар өздөрүнүн кадырын кетирип, ишке жөндөмсүз экендигин сүрөттөп жатышат. Анда мамлекетибизди ким башкарат?

Депутат Искендера Матраимовду да мурдагы президенттин сөзү таң калтырды. Ал уккан сөздөрү президенттикине окшобогон сөз экендигин белгиледи.

- Сооронбай Жээнбековду бийликке Атамбаев эмес, эл алып келди, - деп билдирди депутат Vesti.kg сайтына. - Аны эл шайлады. - Атамбаев деле бетме-бет келгенде башкача сүйлөйт, анан эле элге башкача айтат, таң калам.

Матраимов спирттик ичимдик тууралуу айткандары да чындыкка дал келбейт, анткени Сооронбай Жээнбеков таптакыр ичпейт деп кошумчалады.


Депутат Исхак Масалиев Vesti.kg сайтына берген маегинде Алмазбек Атамбаевдин сөздөрү жаңы эмес, муну биз күткөнбүз ушундай деп айтаарын, деди.

- Аскар Акаев бийликке Бакиевди алып келгендигине жана Алмазбек Атамбаевди жумушка алгандыгына өкүнгөндүгүн айтты, - деди ал. - Мунун баары болуп өткөн нерсе.
Депутат Алмазбек Атамбаев бийлик үчүн күрөшө тургандыгын айтты. Бипрок кантип күрөшө тургандыгын айтуу азырынча эрте.
- Бир жарым жылдан кийин эмне болоорун айтуу кыйын, бизде саясий кырдаал бат өзгөрөт, - деп түшүндүрдү ал. - Эгерде элдерден сурамжылоо кылышса Атамбаев бир да мүмкүнчүлүк калбай калгандыгын билээр эле.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте «Форум» имаратынын алдында Аксы окуясынын он жети жыдыгына арналган митинг-батада сөз сүйлөгөндүгүн билдирген болчу.

Ал азыркы президентти сынга алды:

«Мен бир жыл мурда жалган куранда ага айткам: «Соке, эгерде коррупция менен күрөшсөң, анда Раим миллиондой досуң болбошу керек. Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек, ошондо гана кландык башкаруу болбойт». Эртеби кечпи ал жаманатты болуп калат, аты булганат», - деп айтты мурдагы мамлекет башчы.

Дагы ал сөзүнүн арасында Сооронбай Жээнбеков менен алкоголдук ичимдик ичкендигин айта кетти.

«Былтыр жалган куран айында Сооронбай Жээнбеков менин үйүмө келди, биз экөөбүз отуруп арак, коньяк ичтик, - деп түшүндүрдү ал. - Мен кээде коньяктан ууртап коём, ал эми Сооронбай агынан ичет. Ал ошондо мага Раим тууралуу жана башкалар тууралу айтпа деди. Мен ал убакта аны менен достук мамиледе болчу. - Соке дедим мен ага. Мен сенден Бакиевди көрүп турам».

«Мен аны бийликке алып келгендигим үчүн кечирим сурайм жана бул катамды оңдойм»,- деп убада берди Атамбаев.

Сооронбай Жээнбеков ал убакта Жалалабат облусунун Аксы районунун Боспиек айылындагы бата митингге барды.

«Биздин эркиндикти сүйгөн элибиз мындан ары кландык башкаруу болбой тургандыгын далилдешти, - дед ал анда. - Дүйнө коомчулугу биз үчүн эркиндик менен көз карандысыздык өтө керек экендигин көрүштү, ал нерсе үчүн жанын да аяшкан жок. 2002-жылкы жалган курандын он жетисинде болгон окуянын маңызы ушунда жатат».

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх