Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чегиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду

Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык автожолунун курулушун улантуу тууралуу келишим түзүлдү

Мамлекеттик чегаранын Баткен облусунун кыргыз-тажик аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду.
Документке Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажик Республикасынын премьер-министри Азим Ибрахимовдор кол коюшту.

Протоколго ылайык, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык автожолунун курулушун улантуу келишими түзүлдү. Чек ара аймактарында транспорт каттамы толук бойдон мурунку калыбына келтирилди. Разаков протоколго кол коюу эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи.

Андан сырткары, вице-премьер-министр менен бирге тийешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык автожолу курулуп жаткан жерге барышты.

Дагы белгилей кетүүчү нерсе, кыргыз-тажик чегиндеги болгон кырдаалды иликтөөгө Тажикстандын жана Кыргызстандын тергөө топтору биргеликте ишти улантышат.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх