Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулов: «Бакыт Төрөбаев өз кызыкчылыгын коргоо үчүн жаңы мыйзам жазды»

Мурдагы бийликтин партиялары катарында жүз миңдеген кишилери бар экендигине карабастан жашоосун токтоткон

Депутат Бакыт Төрөбаев саясий партиялар тууралуу жаңы мыйзам жазды, ал өз кызыкчылыгын коргоо мыйзам долбоор демилгеледи. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына мурдагы премьер-министр жана мурдагы депутат Феликс Кулов билдирди.

- Төрөбаев ар бир аймакта партиянын өкүлчүлүгү болсун деп сунуш кылат, бирок практика көрсөткөндөй, ал эч кандай натыйжа бербейт, - деп белгиледи ал. - Ар бир айылда партиянын өкүлдөрүнүн болушу шайлоодо жеңишти камсыздайт. Менин көз карашымда, ар бир аймакта Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн минималдуу штат менен ачуу керек. Ал «кабыл алуу бөлмөлөрүндө» референттер иштеп, жарандардын ар бир кайрылуусун каттап турсун. Ошону менен бирге график түзүп ал жерде жарандар парламенттик фракция лидерлеринин өкүлдөрүн кабыл алып турушсун. Мындай жаңылык жарандардын депутаттарга болгон сынын азайтмак, анткени депутаттар көпчүлүк учурда жыйынга келбей коюшат, деп кошумчалады Феликс Шаршенбаевич.

- Депутаттар бир орунда отуруп иштешмек, - деп түшүндүрдү ал. Мындай болгондо партия өлкөнүн бардык аймактарына офистерин аяпайт болчу. Ал ифистерге капкачан эле эч ким барбай калган. Эгерде мындай түзөтүүлөр киргизиле турган болсо, жаш саясатчылар шайлоого таптакыр катышпай коюшат. Алар кепилдик сумманын азайтылышын каалашат, анткени ал сумма алар үчүн көп.

Төрөбаевдин болсо ар бир аймакта бизнесинин өкүлчүлүктөрү бар, алар партиялык уюмдун да ишин аткара беришет. Өзүнүн мыйзамдолбоору менен ал өз кызыкчылыгын көздөп жатат.

Андан сырткары, Кулов Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү үчүн бардык партимялар адегенде өз идеологиясын билдирүү керек.
- Азыр партиялар өз иштерин алып барып жатышат, бирок идеологиялары түшүнүксүз, - дейт ал. - Эмне болгон партия экендигин дароо айтышы керек;


социал-демократпы, либералбы, оңчулбу, ультраоңчулбу ж.б.д.у.с.
Түшүндүрө кетели, Бакыт Төрөбаев «Саясий партиялар тууралуу» мыйзам долбоорун коомчулуктун талкуусуна алып чыкты. Депутат документте ар бир аймакта партиянын өкүлчулуктөрүн ачууну сунуштайт. Ошону менен бирге саясий партияда 7 миңден кем эмес мүчө болушу керек, андан сырткары ар бир аймакта 300 кем эмес болушу керек. Ал эми Бишкек менен ОШ шаарларында 700 кем эмес мүчөлөрү болушу керек.

Андан сырткары, Төрөбаевдин ою боюнча, саясий бирикмелер элдин атынан сүйлөөгө укугу болбошу керек.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ташполот Балтабаев Кыргызстанда эч ким партиялык идеологияны сактабагандыгын айтты.

- Шайлоо алдында саясий бирикмелер каптаган акчалары менен элдер келишет да, өз кызыкчылыгы үчүн күрөшө башташат, - дейт ал Vesti.kg сайтына.

- Мындай саясатчылар парламентке бир партия менен барат, ал эми президенттик шайлоого болсо башка партия менен барышат. Партиялык тизмеге партиядагы эмгек жолу 5 жылдан кем эмес адамдар бара турган кылуу керек. Партияга берилгендик менен программа - бул эң негизгиси болуу керек. Карагылачы, азыр КСДП эмне деген шерменде болуп жатат. Дүйнөдө мында көрүнүш жок. Бизде болсо партиянын лидери аны менчигим деп эсептейт. «Мен сени өзүм жараттым, мен сени өзүм өлтүрөм!» деген түшүнүк менен жашашат.

Ташполот Балтабаевич Торөбаевдин мындай демилгеси республикадагы парламенттик өнүгүүгө жакшы пайда алып келбейт деп белгиледи.

- Өлкөдө канча контор кеңсе ачсаңар деле эчтеке өзгөрбөйт, - дейт ал. - Мүчөлөрүнүн санына карап партиянын ийгилиги бааланбайт да. «Ак-Жол» партиясынын убагында 700 миң мүчөсү болгон. Кана алар? «Алга Кыргызстандын» өлкө боюнча бир нече миңдеген мүчөлөрү болгон. Кана ошол азыр? Мыйзамга туура эмес түзөтүү киргизгени жатышат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх