Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП депутаттары партиянын артынан оппозицияга кирип кетпейбиз деп билдиришти

«Негизги себеп - бул коалициялык көпчүлүк эмес. Көпчүлүк депутаттар жөн гана жанынын тынчын көздөдү»

КСДП партиясы азыркы бийликке расмий түрдө оппозиция экендигин жарыя кылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясий биримдиктин расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Бул туурасында мурун эле белгилүү болгон, - деди ал. - Чамасы эч ким маани берген эмес болсо керек.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары ал ортодо партиянын артынан оппозицияга барбайбыз деп билдиришти.

КСДП депутаты Төрөбай Зулпукаровдун сөзү боюнча, «социал-демократтардын» бул билдирүүсүнүн мыйзамдуулугун тийешелүү органдар текшериши керек.

- Мыйзам боюнча партия менен фракция ар кимиси өз алдынча каралышы, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына.
- Жогорку Кеңеште КСДП коалициялык көпчүлүктү түзөт. Өкмөт тууралуу мыйзам бар, Конституция бар, ошондой эле регламенке таянып баарын карап чыкканга болот. Кандай учурда фракциянын оппозицияга кетээри ошондо белгилүү болот. Бул партия лидери демилге көтөрүп, ошол эле учурда депутаттар колдосо гана ишке ашат. Ал эми КСДП партиясынын лидеринин билдирүүсүн менимче, тийешелүү органдар карашы керек.
Дагы бир парламенттин депутаты Анвар Артыков Vesti.kg сайты менен болгон маегинде фракция мүчөлөрү оппозицияга кетпесе керек дейт.

- Фракция партиянын артынан кетпейт, - деп баса белгиледи эл өкүлү. - Бул болбогон кеп. Негизги себеп - бул коалициялык көпчүлүк деле эмес. Жөн гана жандарынын тынчын көздөп жатышат.

КСДП фракциясынынмүчөсү Азамат Арапбаев өз кезегинде Vesti.kg сайтына комментарий берүүдөн баш тартты.

- Менимче сиз бул суроону фракция лидерине беришиңиз керек, - деди ал.

Ал ортодо депутат Айнуру Алтыбаева аймакты кыдырып жүргөндүгүн, партиянын чечими тууралуу укпагандыгын билдирди.
Эгерде оппозицияга өтүү маселеси карала турган болсо жыйын болсо керек бул тууралуу, деп улантты депутат. - Бирок мен ага кепилдик бере албайм. Мен башка жакта жүрөм, бул тууралуу уга элекмин.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов болсо комментарий үчүн жеткиликсиз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх