Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Миржан Балыбаев НТС телеканалын жетектейт

Телеканалдын башчылыгына журналисттин талапкерлигин эмгек жамааты көрсөттү

НТС телеканалынын башкы директорлугуна Миржан Балыбаев дайындалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына каналдын кызматкерлери билдирди.

- Миржан Балыбаевдин дайындалуусу тууралуу буйрук чыга элек, - деди ал. - Бүгүн расмий жарыялашат. Балыбаевдин талапкерлигин эмгек жамаат көрсөттү.

Миржан Балыбаев НТС каналында он үч жылдан бери эмгектенет, анын жети жылы каналдын шеф-редактору болуу менен өттү.

Белгилей кетсек, каналдын мурдагы жетекчиси Жайнак Үсөн уулу жалган курандын башында УТРК башкы директору болуп шайланган. Ал жалган курандын он тогузунда кызматына киришет.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх