КТРК жаңы башкы директоруна сылап сыйпоону күтпө деп кеңеш беришти
Эми телеканалдын мурдагы башчысы болуп калган Илим Карыпбековду белек-бечкек берип узатып коюшту
КТРК жамаатына жаңы башкы директор кылып Жайнак Үсөн уулун алып келишти. Бүгүн бул кызматта Илим Карыпбековдун акыркы жумуш күнү болду.
Телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеевдин Vesti.kg сайтына айтып бергенине караганда, Карыпбековго белектерди берип жана жылуу-жумшак сөздөрдү айтышып узатып коюшту.
- Биз бүгүнкү күндо мурдагы жетекчи кандай гана болбосун аны маданияттуу түрдо узатууну салтка айландырдык, - деп белгиледи Жекшеев.
- Кыргызстан - кичинекей өлкө, биз дагы бет карашабыз. Илим Майрамбековичти биз жакшы сөздөрдөн айтып узатып койдук. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн атынан белекке сүрөт бердик, анда Ысык-Көлдүн элеси тартылган. Андан сырткары телеканалдын жамааты гүл жана жеке белек тапшырды.
ЖАМК маалыматы боюнча, КТРК кызматкерлери Карыпбековго дрон белек кылышты.
Ошону менен бирге Жыпар Жекшеев жаңы жетекчиге биринчи күндөн баштап ишке олуттуу мамиле кылышына кеңеш бергендигин кошумчалады.
- Тандоо өтө оор болду, каналдын башчылыгына 22 адам ат салышты, - деп эскертти ал. - Жайнак Үсөн уулу биздин купулубузга толду, анткени көптөгөн талапкерлердин ишке ашпаган программаларына караганда мунуку чындыкка жакын көрүндү. Ошондуктан, шайлоо таза жана адилет болду.
Бүгүн мен жаңы башкы директорду бөлмөсүнө узатып баратып, ага бизден сылап сыйпоону күтпөшүн, ишке олуттуу мамиле жасоосун айттым.
Сөзүнүн аягында Жекшеев КТРК жаңы жетекчисинин иши канааттандырбаса байкоочу кеңеш ишенбөөчүлүк көрсөткөнгө акылуу экендигин эскертти.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www