Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Акаев ага аскер кеңешчилери төңкөрүш болоор күндү айтышкандыгын эстеди

Кыргызстандын туңгуч президенти өмүрүндөгү өзү өкүнүп жүргөн эң кыйын чечим тууралуу айтып берди

Кечээ Кыргыз Республикасынын биринчи президенти Аскар Акаев орусиялык «Эхо Москвы» деген радиостанциясына интервью берди.

Аскар Акаевич суроолорго жооп берип жатып өмүрүндө эң кыйын чечим чыгарган 2005-жылдын жалган куранынын жыйырма төртү тууралуу айтып берди.

«Менин саясий жолумдун акыркы күнүндө, Кыргызстанда Жоогазын революциясы болду, - деп тактады ал. Ал күнү өкмөт үйүнүн алдында көп сандаган элдер топтолгон эле.
Чамалап айтканда, 15-20 миңдей болчу. Алардын жарымынан көбү кылмышкерлер болчу, аларды наркотөбөлдөр түндүктөн жана түштүктөн алып келишкен. Менин алдымда «Эмне кылуу керек?» деген суроо турду. Аскер кеңешчилери мага аларды күч колдонуп таркатып жиберели дешти. Бирок менин ички сезимимде дайыма мыйзам бар болчу, мен аны менен жашап аракет кылчумун. Албетте, ар кандай зордук жасоо менин көз карашыма туура келбейт эле. Ошондуктан менде бир гана - республикадан чыгып кетүү, деген гана жол калган. Акаевдин бир гана өкүнгөнү бийликти конституциялык жол менен мыйзамдуу түрдө кийинки мамлекеттик башчыга өткөрүп бербегендигине өкүнө тургандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге ал 2005-жылдагы төңкөрүш Америка Кошмо штаттары тарбынан уюшулган деп билдирди.

«Бул төңкөрүш алдын ала даярдалган, ал пландалган, - деп баса белгиледи мурунку президент. - Ал АКШ маалыматтык жана каржылык ресурстары менен камсыздалган. Бул төңкөрүш толугу менен Америка Кошмо штаттары тарабынан даярдалган».

Маектин жүрүшүндо Акаев демократия биздин республиканы начарлаткандыгын белгилеп кетти.

Бул Кыргызстандын алсыз жагы болчу, анткени бизде эркин массалык маалымат каражаттары бар болчу, бизде жарандык коом күчтүү өнүккөн болчу. Биздин кичинекей өлкөдө беш миңден ашуун бейөкмөт уюмдар бар болчу. бул жагынан алып караганда Кыргыз Республикасы түстүү революция кылганга алсыз звено болчу. ошондуктан биз эң алгачкылардан болуп калдык».
Аскар Акаев - Кыргызстандын биринчи президенти. 1990-жылдан 2005 жылга чейин башкарды. 2005 жылы жалган курандын жыйырма төртүндө «Жоогазын революциясынын» натыйжасында Акаев республиканы таштап кетти.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх