Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда күчтүү оппозиция жок. Анын ордун КСДП толукташы мүмкүн»

Эксперттердин сөзү боюнча, бийликтин Жогорку Кеңештен сырткаркы атаандашы радикалдуу жана көзөмөлсүз болуп кетиши мүмкүн

Кыргызстан күчтүү жана конструктивдүү оппозицияга муктаж. Мындай пикирин Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын оюнча, оппозициянын милдетин КСДП саясий партиясы аткара алат, кечээ алар өздөрүн азыркы бийликке атаандашпыз деп жарыя кылышты.

- КСДП Кыргызстандагы эски партиялардын бири, аны тажрыйбага бай саясатчылардын бири Алмазбек Атамбаев жетектейт, - деп баса белгиледи Жээнбеков. - Алардын оппозицияга кетиши өздөрү үчүн да, саясий майдан үчүн да, өлкө үчүн да оңтойлуу болуп турат. Оппозицияда белгилүү саясатчылар, жаштар канчалык көп болсо, мамлекетке ошончолук жакшы. Бул дүйнөлүк практика.

Равшан Бабырбекович бүгүнкү күндө Кыргызстандын Социал-демократтарынын партиясын оппозициялык партия катары күчтөө зарыл экендигин да кошумчалады.

- Менин оюмча, бул партияны күчтөө керек, анткени бул партиядан айрым адамдар кетип калышты, бирок уюткусу бар. Ал уютку Атамбаев,- дейт экс-депутат. - КСДП - бул биринчи кезекте Атамбаевди түшүндүрөт. Анын партиясына жаңы кишилерди кошуп алганы оппозицияда болууга жаңы дем берет - бул жакшы нерсе.

Андан сырткары, Жээнбеков өлкөгө көйгөйдү оппозиция эмес бийлик жаратаарын билет.

- Бийлик өлкөнү башкарып жатат, ошондой эле бийлик уурдап да жатат, - деп кошумчалады ал. - Президент кетээри менен биз бийликтегилердин уурдап жүргөндөрүн көрөбүз.

Ал ортодо саясат талдоочу Алишер Мамасалиевич азыркы бийликке КСДП күчтүү оппозиция болот дегенге макул болот. Vesti.kg сайты менен болгон маегинде бийлик өкүлдөрү миенен бир нече жолу жоолуккандыгын кошумчалады жана оппозиция түзүү зарылчылыгын айтты.

Саясий илимде эгерде парламентте оппозиция жок болсо, анда ал башкаруудан сырткары болуп калыптаганат деген түшүнүк бар, - деп түшүндүрдү Мамасалиев. - Бир жыл мурун биз бул тууралуу бийликтегилерге бир нече жолу айткан элек. Жогорку Кеңеште конструктивдүү оппозициянын пайда болушуна шарт түзүү зарыл экендигин билдиргенбиз.

Саясат таануучу парламенттен сырткаркы оппозиция радикалдуу болоорун кошумчалады.

- Биз бийликтегилерге Жогорку Кеңеште оппозиция түзүлбөсө, ал көчөдө пайда болоорун айтканбыз, - деди ал. - Ал эми мындай оппозиция радикалдуу жана көзөмөлсүз болот. Жыйынтыгында ошондой болду. КСДП күчтүү оппозициянын ролун аткарышы мүмкүн. Ошондой болсо болот. Бирок анткени менен адегенде партиянын ичиндеги ыйкы-тыйкы токтошу керек.

Эске салсак, кечээ КСДП сайсий партиясы өзүн расмий түрдө азыркы бийликке оппозициямын деп жарыя кылды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх