Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдыгул Чотбаев: Революциянын алдында мага АКШ аскердик атташеси келип Акаевди сатуу керек деп кыйытты

Улуттук гвардиянын мурдагы командачысы Кыргызстандагы Жоогазын революциясын америкалыктар уюштургандыгын ырастады

Аскар Акаевдин 2005-жылдагы төңкөрүштү Америка Кошмо штаттары даярдагандыгы тууралуу билдирүүсүн Vesti.kg сайтына эс алуудагы генерал-полковник, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын биринчи командачысы Абдыгул Чотбаев ырастады.

- Ооба, мен буга бөркүмдөй ишенем, - деди ал. - Американын аскердик атташеси ошол күндөрдө мага келип президентти сатуу керек деген сөзүн кыйытып айтты. Биздин жоолугушуубуз жалган курандын жыйырма үчүндө күндүзү болду. Мен: «Жок, андай болбойт. Мен жоокермин. Менин Улуттук гвардияда аткара турган өз милдетим бар. Мен саясий оюндарга катышпаймын. Андан да, мен ант бергенмин», - деп жооп бердим.

Эске салсак, өткөндө Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев россиялык «Эхо Москвы» деген радиостанцияга интервью берген эле. Ал ошол учурдагы кабыл алган чечими үчүн өлөөрчө өкүнүп жүргөндүгүн аткан эле. Ошону менен бирге Аскар Акаев Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүштү америкалыктар уюштургандыгын айтты. Ошол «Жоогазын революциясы» болгондон кийин ал мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх