Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскар Акаев: Назарбаевдин отставкасы - боло турган эле нерсе болчу

Кыргызстандын туңгуч президенти Казастандын президентинин кетиши тууралуу өз оюн бөлүштү

Нурсултан Назарбаев акылман жетекчи катары эсте калат, ал казактын эркин мамлекетинин башатында болду. Бул тууралуу Аскар Акаев «Национальная служба новостей» маалымат агенттигинен билдирди.

- Мен муну боло турган нерсе болчу деп эсептейм, - деп белгиледи ал. - Ал карыды. Ал 1985-жылдан бери Казакстандын министрлер кеңешинде төрага болуп иштеген, ал өлкөнү дээрлик 35 жыл башкарды. Ошентип ал жаңы кадрларга жол ачты. Бул менин оюмча акылдуу кадам болду. Ал акылман жетекчи катары эсте калат, ал казак эркин мамлекетинин башатында болду. Анын тушунда Казакстан дүйнө жүзүндө кадыр баркка ээ болду. Анын иши жемиштүү болгондугу менен эскерилет деп ойлойм.

Нурсултан Назарбаев - Казакстандын биринчи президенти. Ал өлкөнү 1990-жылдан бери башкарды. Ага чейин Казак ССР Жогорку кеңешин башкарган. 2007-жылы Казакстандын парламенти ага өмүр бою президент болууга укук берди. 2018-жылы Нурсултан Абишевич Казакстандын коопсуздук Кеңешин өмүр бою башкарганга мүмкүнчөлүк алды. Кечээ ал президенттик ыйгарым укугун расмий өз ыктыяры менен жыйнаштырды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх