Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ата Мекен» партиясы Текебаевди бошотуу талабы менен Бишкекте митинг өткөрөт

Жогорку Кеңештин депутаттары акция качан өтөөрүн айтышты

«Ата Мекен» саясий партиясы саясий камактагылардын боштондугун талап кылып митингге чыгат. Бул тууралуу партиялаштары менен болгон жоолугууда «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Социалисттер» Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана Түштүк Кореядагы Кыргыз Республикасынын мурунку элчиси Дүшөнкул Чотонов боштондукка чыгуу керек деп билдиришти.

Андан сырткары, « атамекенчилер» Мурдагы депутат Садыр Жапаровдун ишинин кайра каралышы адилет болушун талап кылышат.

- Чын курандын жыйырма үчү саат 10:00 тынчтык митингине чыгабыз, - деди Шыкмаматов. - Бул кишилердин баары саясий куугунтуктун курмандыгы болушту. Жакында бул тууралуу мэрияга билдиребиз, ошондой эле тийешелүү штабдарды түзөбүз.

Иш чарага «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын депутаттары жана экс-вице-спикер Асия Сасыкбаевалар катышты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх