Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурсултан Назарбаевдин отставкасынан кийин казак балдар өксүп ыйлашты (видео)

Казак Республикасынын президентинин кеткендигин уккан балдардын абалын камерага тартып алышкан

Казакстандык кичинекей балдар өздөрүнүн президенти Нурсултан Назарбаевдин отставкага кеткендигин угуп алышып өксүп ыйлагандары фейсбуктун колдонуучуларын аң таң калтырды.

«Назарбаев кетип калды!» - деп ыйлап айтат бөбөктөр.

Видеого тартылгандардын эң кичинекейи Нурсултан Абишевичти коё бергиси келбей жаткандыгын билдирген.

«Назарбаев, мен сени пенсияга коё бергим келбейт», - дейт бөбөк жашын куюлтуп.

Белгилей кетели, Нурсултан Назарбаев республиканы 1990-жылдан бери башкарып келди. 2007-жылы ал өлкөгө өмүр бою президент болгонго укук алган. Кечээ ал расмий түрдө отставкага кеткендигин жарыя кылды.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх