Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаттары Абылгазиевдин тезинен Бишкекке учуп келүүсүн талап кылышты

Депутаттарды премьердин түштүктө жүргөндүгү кызыктырбайт. Алар ал келгиче күтүп турууга даяр

Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал талкуу болуп жатат.
Жыйындын жүрүшүндө кээ бир депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевди чакыруу талабына каршы чыгышты.

Эл өкүлү Рыскелди Момбеков чегарадагы жаңжалды талкууга алууга Кыргыз Республикасынын Мирация кызматынын тейешеси жок болсо да жыйынга келип алгандыгын белгиледи.

- Биз чегара маселесин чечишибиз керек, жыйынга премьер-министр менен ИИМ башчысы келиши керек болчу, - деп айтты эл өкүлү. - Бул жерде миграция кызматы эмне кылып отурат, Якутияда болсо биздин мекендештер жардам сурап жатышат! Анын чегарада иши жок, ал болсо чегарага орун басарын жибериптир. Ал эмнени чечмек эле. Эмне үчүн ИИМ төрагасы жок, эмне үчүн УКМК төрагасы жана башпрокурор жок?

Депутаттардын нааразычылыгына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чегара маселесинде өкмөттөн өзү колго алдым деп жооп берди. Чиновник Абылгазиевдин түштүктө жүргөндүгүн айтты.

- Мен вице-премьер-министрмин, чегара маселесин мен колго алгам, сиздердин суроолоруңузга менин жооп бергеним жетиштүү го деп ойлдойм, - деп түшүндүрдү Разаков.

Депутаттар өз кезегинде жерди трансформациялоо тууралуу чечимди премьер кабыл алышы керек эле деп эскертишти.

- Ооба, сиз вице-премьерсиз, бирок ал жерде трансформация маселесин чечүү керек эле, - деп билдирди Алтынбек Сулайманов. - Бул биздин деңгээлибиз эмес, бул жерде Абылгазиев өзү катышыш керек.

Депутат Табылды Тиллаев Разаков айткан маалыматты өзү деле биле тургандыгын кошумчалады.

- Менин оюмча премьер-министрдин катышуусу керек жана маанилүү, - деди эл өкүлү. - Вице-премьер-министр айткан маалыматтарды мен деле айтып коё берем силерге. Анткени биз да Баткенде депутаттардын тобу менен болдук.

Депутат Калдарбек Баймуратов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев түштүктөн келгиче күтө турууну сунуш кылды.

- Эгерде ал азыр учса, жумуш убактысы бүткүчө үлгүрүп калат. Бар болгону 45 мүнөттө келет, - деди ал.

Депутат Карамат Орозова андан ары кетип, өкмөттү оттавкага кетирүүнү талап кылды.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх