Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаттары Атамбаевдин айткан сөзүнө ыза болуп, эми жооп кайтарганы жатышат

Жогорку Кеңештегилер Кыргызстанда провокация башталып, элдер бөлүнүп, жарылып кетеби деп чочулашат

Парламент Алмазбек Атамбаев көтөргөн бардык демилгелерди топтоп, эмне болгондугун карап көрүүсү керек. Мындай деген ойду Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев айтты.

- Атамбаев бизди эч нерсе кылган жоксуңар деп айыптады, эми ага жооп беришибиз керек, - деп белгиледи ал.

- Эмне парламент ага кайда кеткендиги белгисиз гранттарды ал деп сунуш кылды беле? Болбосо, парламент Орусия менен болгон мамилени буздубу? Парламент «Русгидро» менен болгон келшимди бузду беле? Ушул суроолорго жооп беришибиз керек. Атамбаев биздин башыбыздан ылдый жуунду куюп жиберсе деле үн катпай, эч нерсе болбогонсуп отура берелиби?

Ошону менен бирге Төрөбаев улуттук коопсуздук комитетинин көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты, антпесе жакында ар кандай провокация болуп кетиши ыктымал. - Элди бөлүп, жарып жибериши мүмкүн, өлкө бейтынч болуп калды, - деп созүн бүтүрдү.

Өз кезегинде парламенттин спикери Дастан Жумабеков Бакыт Төрөбаевдин сунушун угуш керек деди.

- Биз муну дагы талкуулайбыз, - деп тактады ал.

Эске салсак, бир нече күн илгери мамлекеттин мурдагы башчысы Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорго арналган митинг батада чыгып сөз сүйлөгөн. Ал өз сөзүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын «чимкириктер» деп атаган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх