Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оппозиционер Талгарбеков Атамбаевден 17 миллион сом өндүрүүгө ниеттенип жатат

«Элдик парламенттин» лидери КТРК андан кечирим суроосун талап кылып, Дело№ гезитин да сотко берет

Боштондукка чыккан оппозиционер «Элдик парламенттин» лидери Бекболот Талгарбеков Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевден 17 миллион сом өндүргөнгө ниеттенип жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү айтып берди.

Талгарбеков жакынкы убакта Кыргызстындын экс-президентин сотко берээрин эскертти. Атамбаевдин Талгарбеков ФСБнын жана генералдардын жардамы колдоосу менен мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылды, деп жалган маалымат таркаткандыгы арыз берүүгө себеп болду.

- Дүйшөмбү күнү мен жактоочум менен жоолугам, кийинки жумада Атамбаевдин үстүнөн арыз жазабыз, ошондой эле Дело№ гезитин сотко беребиз, - деди ал. - Андан сырткары, КТРК элдин көзүнчө менден кечирим сурасын. Эгерде алар муну жасабаса, аларды да сотко берем.

«Элдик парламенттин» лидери гезитти аны кылмыш кылды деп айыптагандыгы үчүн сотко берээрин түшүндүрдү. Ошондой эле, Талгарбеков, чыгымды эмнеге 17 миллион сомго баалагандыгын айтып берди.

- Мени кармаганда, сотто прокурор мага эки статья боюнча он жети жыл сураган, - деп түшүндүрдү Талгарбеков. Жакында Жогорку соттун чечими менен «Күч менен бийликти басып алуу» беренеси боюнча мен акталдым. Эми «Улут аралык кастыкты козутуу» калды. Бирок мен мөөнөтүнөн мурун чыгууга жетиштим. Ал эми Дело№ гезитине койгон доо боюнча чыгымдын суммасын юрист менен акылдашып анан аныктайбыз.

ЖАМК эсептөөсү боюнча Талгарбеков камактан төрт жарым жыл отурган соң быйыл жалган курандын сегизинде боштондукка чыкты. Vesti.kg саты менен болгон маегинде ал эми эмне менен алек болоорун айтып берди.

Биз азыр саясий камактагыларды калыбына келтирүү боюнча жарандык уюм түздүк, эми бул багытта иш алып барабыз, - деп түшүндүрдү. - Ошону менен катар эле Атамбаев менен Дело№ каршы доо арыз боюнча алектенем.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх