Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусия кыргызстандыктар үчүн «миграциялык мунапыс» жарыялады

Бул чечим Владимир Путиндин Бишкекке келээри алдында кабыл алынды

Орусия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги кыргыз-орус келишимин ишке ашыруунун алкагында, Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапар алаар алдында Кыргыз Республикасынын жарадары үчүн «миграциялык мунапыс» кылуу чечимин кабыл алгандыгын билдирди.

«Миграциялык мунапыс» мезгилинде Орусияда турган кыргызстандыктар миграция мыйзамын бузган болсо, 2019-жылдын чын куранынын жыйырма экисине чейин Орусиядан эч тоскоолдуксуз чыгып кетүүгө жана кайсыл гана мезгилде болбосун административдик жоопкерчиликке тартылбастан кайра кирип келүүгө укуктуу.

Бул маалымат 2019-жылдын жалган куранынын жыйырма биринде Кыргыз Республикасынын делегациясы Орусия Федерациясынын ИИМ миграция боюнча Башкы башкармалыгынын начальниги В. Казакова менен болгон жоолугушууда берилди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Кыргыз Республикасынын Орусияда турган жарандарын «миграциялык мунапыстан» пайдаланып калууга чакырат.

Толук маалымат алуу үчүн элчиликтеги кызуу байланыш телефонуна чалсаңар болот: +7 925 103 29 11.

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги
Сүрөт

 

 

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх