Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК башкармасынын экс-начальниги: Атайын кызмат жаңы мыйзамдар менен өзүн өзү «бычып» алды

Мурдагы чекист жаңы мыйзамдар боюнча улуттук коопсуздук органы кантип өз милдетин аткара тургандыгын түшүнбөйт

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов улуттук коопсуздук органынын ишин анча түшүнө бербейт окшойт, анткени ал кээ бир мыйзамдарга түзөтүү киргизүүнү сунуш кылып жатат. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына УКМК экономикалык коопсуздук башкармалыгынын начальниги Максат Мамытканов бөлүштү.

- Атайын кызмат деген көмүсө иликтөө иштерин жүргүзүүчү орган болуп түзүлгөн, - деп түшүндүрдү ал. - Улуттук коопсуздук органдары эч ким билбеген жана билүүгө да тийиш болбогон иш чараларды жүргүзүүчү орган. Эгерде азыркы укук коргоо органдарынын жетекчилиги жаңы кодекстер боюнча өз милдеттерин түшүнбөсө, анда эмнеге кабыл алды ал мыйзамдарды?

Азыр атайын кызмат өзүнүн алсыздыгын айтат, анткени мурда аларды мыйзамга тууралап өздөрүн «бычып» салууга жол беришкен.
Мамытканов күч түз умдөрү өзүн өзү ыйгарым укугун чектеп алгандыгын жана депутаттар сунуштаган мыйзамдолбоор муну тастыктаарын кошумчалады.

- Бул жерде эч кимди күнөөлөй алышпайт, анткени мыйзамды кабыл алаарда органдын жетекчилери көрүп макулдуктарын беришкен, - деп баса белгиледи ал.
- Эми алар террористтерди издөөсү керек. Кантип? Кулактандыруу илишеби? Алар уруксат алуу үчүн прокуратурага барып,өз иш аракетин каттатышы керекпи? Бирок жашыруун, жана өтө жашыруун иштер болуп калат. Чалгындоо кантип иш алып бараары түшүнүксүз. Ал эми кодексти болсо иштеп чыккан адамдардын максатына ылайыктап чыгарышкан.
Бирок бардык жаңы мыйзамдарга жооптуу адамдар кол койгон, эгерде алар мындай нерселерди көрбөй калган болсо, же билип туруп кол койсо, анда аларды саткын гана деш керек.

Түшүндүрө кетели, Талант Мамытов кээ бир мыйзамдарга түзөтүү сунуш кылат, алар улуттук коопсуздук органдарынын ыкчам иликтөө иш аракеттерине байланышкан мыйзамдар. Ошентип, депутат атайын кызмат даярдалып жаткан кылмышка карата ыкчам иликтөө иш аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берүү тууралуу мыйзамдолбоорду демилгеледи.

«Жазык процессуалдык кодекстериндеги абалга ылайык жана жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдар ыкчам иликтөө иш аракеттери сотко чейинки өндүрүштун алкагында жүргүзүлөт, - деп белгиленет мыйзамдолбоордун негиздөөчү тактамасында. - Ошондо ыкчам иликтөө иш аракетинин максаты бир гана кылмыш менен күрөшүү жана издөө. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Ыкчам иликтөө иш аракеттери тууралуу» мыйзамынын нормалары тактоону талап кылат. Анткени, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылууда жана дүйнөлүк аренада аны ишке ашырууда, ошондой эле чалгындоо иштериндеги иш аракеттер, терроризм менен күрөшүүдө алардын иш аракеттери такталышы керек».

Берилген тапшырманы аткарууда ыкчам иликтөө иш аракеттерин толук кандуу ишке ашырууга укуктук негиздердин так эместиги жолто болот. Ошону менен бирге бул иш аракеттерди аткарууда бир эле кылмыш иши негиз болбостон, мамлекетке келтирилген коркунуч, аскуердик, экономикалык жана экологиялык коопсуздук да негиз болуусу шарт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх