Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Өмүрбек Бабановду Кыргызстанга келсе камап коюшу мүмкүн

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Москвада Бабанов менен жоолугушту

Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоо өтөөрү менен Кыргызстандан качып кеткен болчу, ал кайтып келе турган болсо кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМК маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

- Мыйзамга ылайык чара көрүлөт, - деп маалымдады ал.

Учурда Бабановдун тарапташтары бийлик менен анын кайтып келүүсү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу өз кезегинде Vesti.kg сайтына «РАЖ» фракциясынын мүчөсү Максат Сабиров билдирди.

- Биз кесиптештерибиз менен бирге Москвада болуп жана Өмүрбек Токтогулович менен жоолугуштук, - деди ал. - Анын кайтып келүү күнү азырынча белгисиз.

Аны менен жоолугушууга Руслан Казакбаев, Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоевдин катышкандыгы билдирилди.

Бабанов болсо кечээ мекендештерин Нооруз майрамы менен куттуктады жана сөзүнүн аягында «Жоолугушканча» деп кошумчалады.

Эске салсак, президенттикке мурдагы талапкерге карата «Улуттар, расалар аралык же диндер ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх